Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 37
Миң-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынан таштандыларды чыгаруу
үчүн жыйымдар ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кодексинин 24-главасына ылайык, Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Миң-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар ставкасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге, ишкердике багытталган имараттардын ээлери үчүн таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдар ставкасы 100 (жүз) сомго төлөм мөөнөтү менен берүү мөөнөтү 1-апрелге чейин деп бекитилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |