Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кенешинин VIII чакырылышынын 2-сессиясы
Т О К Т О М
2024-жылдын 24-декабры №2-3
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы “С.Юсупова -Тазалык”
муниципалдык ишканасы тарабынан райондун борборунда жайгашкан
көчөлөрүнүн айлана чөйрөсүн тазалыгы жана жашылдандыруу боюнча алып барган иштери жөнүндө.
С.Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы “С.Юсупова-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан райондун борборунда жайгашкан көчөлөрүнүн айлана чөйрөсүн тазалыгы жана жашылдандыруу боюнча алып барган иштери жөнүндө ишкананын башчысы М.Ризаевдин билдирүүсүн угуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «С.Юсупова -Тазалык» муниципалдык ишканасынын райондун борборунун
тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери боюнча М.Ризаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнө: ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында конкреттүү чараларды көрүү жана айыл аймагынын тазалыгын дайыма көзөмөлдөп туруу; райондун борборуну абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу; менчигинин түрүнө карабастан райондун борборунда жайгашкан мекеме-уюмдардын, ишканалардын айлана чөйрөсүн тазалыгын, аларга тийиштүү жерлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин дайыма көзөмөлгө алуу; айыл башчылары өздөрүнүн аймагындагы ишкана мекемелер жана дүкөндөрдүн менчик түрүнө карабастан таштандыларын чыгарууда мыйзам чегинде «С.Юсупова Тазалык» муниципалдык ишканасы менен келишим түзүүсүнө ар тараптуу жардам берүү жагы белгиленсин.
3. «С.Юсупова -Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы М.Ризаевге :
ишкананын стратегиялык планын иштеп чыгып, кирешени көбөйтүү, ишкананын
материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кожолукка бекитилген тарифти ар тараптан изилдеп карап чыгып конкреттүү сунуштар менен тез арада айылдык кеңешке кайрылуу; чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү тез арада өздөштүрүү, өндүрүлбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү жана ишкананы рентабелдүү ишканалардын катарына кошуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү;
кызматкерлердин аткаруучулук тартибин, техника коопсуздугун сактоо менен бирге иштин натыйжалуулугун камсыздоодо алардын жоопкерчилигин күчөтүү,
ишкананын штатын оптималдаштыруу; муниципалдык менчиктеги мүлктү жана каражаттарды эффективдүү пайдалануу; айылдык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө жана так аткаруу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер,
турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана «С.Юсупова -Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы М.Ризаевге жүктөлсүн.
Төрага: М. Мамитов