Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 39
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага
берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнунда №1997-III токтому менен бекитилген, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчысы Ф.Р.Абидованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин.
· Жер комиссиясынын курамы - Шамуза Сулейман Харсанович;
· Жер комиссиянын катчысы - Абидова Фарида Рахмановна;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Алыбеков Бакыт Жумгалбекович – Мин – Булак а/өкмөтүнүн башчысы;
Асанов Тагай Талайбекович – а\кеңештин депутаты;
Сатаров Тимур Кашкаевич – а\кеңештин депутаты;
Арбуду Шамиль Керимович– а\кеңештин депутаты;
Муваза Сульмане Хусеевич – а\кеңештин депутаты;
Аматов Равшан Болтонович – а/өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси;
Гольман Сергей Львович – коомдук өкүл;
Агрардык башкармалыктын өкүлү макулдашуу боюнча.
2. Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана анын иш Регламентин бекитүү жөнүндө” №14 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин агрардык жер маселелери, сугатт суу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |