Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIV сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №24/2
Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы “Чолок-Кайың байланыш бѳлүмүнѳ тийешелүү” имаратын бѳлүмчѳсүн ижарага берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолок-Кайың айылындагы жайгашкан “Чолок-Кайың байланыш бѳлүмүнѳ тийешелүү” имараттын бѳлүмчѳсүн “Бир айылдан бир продукту” долбоорун жүзѳѳгѳ ашыруу максатында 15( беш) жылдык мѳѳнѳткѳ жылына 10(он миң) сомдон аренда акы тѳлѳѳ менен келишимдин негизинде Артыков Мамбеткалый Тойчуновичке берилсин.
2. Чолок-Кайың айылындагы жайгашкан “Чолок-Кайың байланыш бѳлүмүнѳ тийешелүү” имараттын бѳлүмчѳсүн оңдоп түзѳѳ иштерин Артыков Мамбеткалый Тойчуновичтин ѳз каражатынын эсебинен жүргүзүү жагы милдеттендирилгендиктен 5-жылдык аренда акысынан кыскартылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Шералы уулу Улан |