Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 17-январы №40
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 16-январындагы
“Муниципалдык менчиктеги жер участкаларын кыймылсыз мүлк обүектилерин
сатуу ижарага берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө” №6 тескемесин бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо” ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Ф.Р.Абидованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 16-январындагы “Муниципалдык менчиктеги жер участкаларын кыймылсыз мүлк обүектилерин сатуу, ижарага берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө” №6 тескемесин бекитилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги жер участкаларын кыймылсыз мүлк обүектилерин сатуу, ижарага берүү боюнча комиссия төмөндөгү курамда түзүлсүн:
Төрайым – Иманалиева Айымжан Тургуналыевна, а/кеңештин депутаты;
Катчы – Байгазиева Залина Сатыбековна, а/кеңештин жооптуу катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Алыбеков Бакыт Жумгалбекович – Миң-Булак а/өкмөтүнүн башчысы;
Аматов Равшан Болтонович – Миң-Булак а/өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу адиси;
Исхаков Хамиз Ибрагимович – а/кеңештин депутаты;
Веремеева Наталья Николаевна – а/кеңештин депутаты;
Архитектура башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча)
“Кадастр” Москва райондук мамлекеттик мекемесинин өкүлү
Нурманбетова Фарида Кайдылдаевна – коомдук өкүл;
Дивиченко МАрина Генадтевна – коомдук өкүл;
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрайым | Асадова А.К. |