Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIV сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №24/3
Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дѳбѳ айылындагы курулган 5 га “Ынтымак” паркына Кулманбетов Сатинбай Окановичтин наамын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дѳбѳ айылындагы 1986-жылы тѳрѳлгѳн жигиттердин демилгеси менен курулган күн батыш тарабында жайгашкан 5 га “Ынтымак” паркына Кулманбетов Сатинбай Окановичтин наамы ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Шералы уулу Уланбек |