Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIV сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №24/4
Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин президиумунун 25-декабрь 1991-жылдагы № 39 токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин президиумунун 25-декабрь 1991-жылдагы №39 токтомуна жер үлүштѳрдү бѳлүп берүү боюнча жана Нарын облустук мамлекеттик архивдик №07-13/635 маалымкатынын тиркемесинде кѳрсѳтүлгѳн 2.9 катар номерлериндеги фамилиялары боюнча 1951-жылы туулган Бакыбаева Сүйүнбү -Кайыпова Сүйүн деп,1983-жылы туулган Бектурсунов Курманбек-Чылабаев Курманбек деп туура эмес кѳрсѳтүлгѳн,атасынын аты,ѳзүнүн атына деген сѳздѳргѳ толуктоо киргизүү иреетинде.Фамилиялары : боюнча Бакыбаева Сүйүнбү деп Бектурсунов Курманбек Бектурсунович деген сѳздѳр менен атасынын атынын жана ѳзүнүн атынын аталышына ѳзгѳртүү киргизилип толукталсын.
2.Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин президиумунун 1991-жыл 25-декабрь айындагы №39 токтому менен түзүлгѳн дыйкан чарба мүчѳлѳрүнүн атасынын атынын жана ѳзүнүн атынын аталышына ѳзгѳртүү толуктоо киргизилип толукталсын.
3.Негизи:Бакыбаева Сүйүнбүнүн 15.04.2022-жылдагы арызы ,Нарын облустук мамлекеттик архивинин 03.05.2022-жылдагы 07-13/635-сандуу маалыматы,Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин президиумунун 25.12.1991-жылдагы №39 токтомунун тиркемеси боюнча жана ѳздүк паспортторунун негизинде ѳзгѳртүүлѳр киргизилди.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Шералы уулу Уланбек |