Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 17-январы №41
Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-25/342 бекитилген типтүү регламентинин негизинде, айылдык кеңештин коопсуздукту сактоо жана суу ресурстары, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, транспорт жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотунун Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бекитилген Регламент Миң-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотуна жетекчиликке алуу үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин коопсуздукту сактоо жана суу ресурстары, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, транспорт жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |