Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIV сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №24/6
“Муниципалдык менчикти бизнес ѳнѳктѳштѳргѳ ижарага берүү жѳнүндѳ
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине айылдык кеңештин 2024-жылдын 13-сентябрь №24-5 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчик обьектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жѳнүндѳ” жобонун 8-главасына ылайык, Ала-Буга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы Нуралиев Улукбек Талантович ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөштѳргѳ экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берүүнү жүргүзсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы нуралиев Улукбек Талантович белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берүүнү уюштурсун.
3. Бизнес-өнөктөш
– өткөрүп берүү-кабыл алуу актысында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
– ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шералы уулу Уланбек |