Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIV сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №24/8
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында айыл чарба багытында эмес жер салыгынын, 1,2,3-топ боюнча объектилердин мүлк салыктарынын Кз-зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө.
Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында айыл чарба багытында эмес жер салыгынын, 1,2,3-топ боюнча объектилердин мүлк салыктарынын Кз-зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө Ала-Буга айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси Бакасова Назгүлдун билдирүүсун угуп жана талкуулап.
Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. 2024-жылдын 1-октябрынан баштап Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын
Кз-зоналдык коэффициенти 1,0 өлчөмдө бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2024-жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын
Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага | Шералы уулу Уланбек |