Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 17-январы №42
Жеке турак үй курууга жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна ылайык, айылдык кеңештин жеке турак жай, муниципалдык менчиктеги жер участкаларын кыймылсыз мүлк объектилерин сатуу, ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусуна ылайык, Катиров Хушнуд Ташпулодовичтин 2024-жылдын 25-декабрындагы арызынын негизинде Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Социалдык долбоорду колдоо максатында (спонсордун жеке турай үй салуусу) Сретенка айылынын жашоочусу 1987 жылы туулган Катиров Хушнуд Ташпулодовичке Сретенка айылынын Ленина көчөсү н/ж дарегиндеги жалпы аянты 2563,0кв.м. жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн берүүгө Миң-Булак айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2.Миң-Булак айыл өкмөтү жеке турак жай курууга жер тилкесин берүү үчүн бардык керектүү документтерин дайындасын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин кеңештин жеке турак жай, муниципалдык менчиктеги жер участкаларын кыймылсыз мүлк объектилерин сатуу, ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |