Редакцияот 17.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 14 сессиясы

 

2025-жылдын 17-октябры № 54

 

А. Масалиев айыл аймагындагы Көкө калктуу конушунун жашоочуларынын 2025–жылдын 06–октябрындагы калктуу конушка айыл статусун берүү боюнча жыйынынын протоколун кароо жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,, Көкө калктуу конушунун жашоочуларынын жыйынынын протоколун эске алып А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. А. Масалиев айыл аймагындагы Көкө калктуу конушунун жашоочуларынын калктуу конушка айыл статусун берүү жөнүндө кайрылуусу жактырылсын.
  2. А.Масалиев айыл өкмөтү Көкө калктуу конушуна айыл статусун алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш-чараларды алып барсын жана бул иш-чараларга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен карасын.
  3. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан Көкө калктуу конушуна айыл статусун алуу иштеринде көмөк көрсөтүү жагы суралсын.
  4. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. А. Масалиев айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 1-ноябрь 2017–жылы кабыл алынган №12/7 токтому жокко чыгарылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

Т.Галботоев