Редакцияот 14.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Самаркандек  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын

кезектеги ХI сессиясы

2025-жылы 14-ноябры №87

Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде акча каражаттарын беренелерден жылдыруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнун берген билдирүүсүн талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши  

                                            Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кээ бир беренелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-        120,0 миң сом акча каражаты 2221 – “Кызматтык иш сапарларына чыгымдары” беренесинен  2222- “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” беренесине  жылдырылсын.

-        30,0 миң сом акча каражаты 2221- “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгымдар” беренесинен  2222 - “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу” беренесине  жылдырылсын.

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнун финансы-экономикалык бөлүмүнун башчысы К.Масалиевага  тапшырылсын.
  3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  4.  Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg  сайтында жарыялансын.

 

 

Төрага:

 Ш.Гапаров