Редакцияот 14.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Самаркандек  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын

кезектеги ХI сессиясы

2025-жылы 14-ноябры №89

 “Самаркандек айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап талкуулап чыгып,  Самаркандек айылдык кеңеши  

                                            Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. Көп жылдан бери калктын саламаттыгын сактоодо көрсөткөн талыбас эмгектерин баалап, төмөнкү атуулдарга “Самаркандек айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

-        “Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунун” №8 үй-бүлөлүк дарыгерлерлер тобунун дарыгери Абдилатов Абдуманнап ;

-        “Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунун” дарыгери Туйчибаев Ибрагимджон .

  1. Жылдын жыйынтыгына карата “Самаркандек айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамынын төш белгиси, лентасы жана ар бир наамдын ээсине 10,0 миң сомдон белек ыйгаруу чыгымдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча комиссиясына тапшырылсын.
  4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  5.  Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg  сайтында жарыялансын.

 

 

 

Төрага:

 Ш.Гапаров