Редакцияот 14.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Самаркандек  айылдык Кенешинин VII чакырылышынын

кезектеги ХI сессиясы

2025-жылы 14-ноябры №90

  

Сугат суу каналына ат ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айылдык кеңешинин Регламент,этика жана депутаттык мандат боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши  

                                            Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. Самаркандек айыл өкмөтүн сугат суу менен камсыз кылып турган каналга маркум , Улуу Ата Мекеник согуштун катышуучусу, мурдагы “В.И.Лениндин 100 жылдыгы” атындагы совхозунун мелиорация жумушчусу Каразаков Ташполоттун ысмы ыйгарылсын.
  2. Кадастрдык документтерге тийиштүү өзгөртүүлөр киргизүү Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси Ж.Карабаевге тапшырылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6.  Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg  сайтында жарыялансын.

 

 

Төрага:

 Ш.Гапаров