Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-декабры № 819
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
18-августундагы № 506 “Кыргыз Республикасынын
аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым
маселелер жөнүндө” токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунда аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылардын социалдык укуктарын камсыз кылуу максатында, “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 “Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– аскердик соттордо аскердик кызмат өтөгөн, “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алып жаткан аскер кызматчылардын маяналары төмөнкүдөй кызмат орундардын маяналарына теңештирилет:
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун финансы жана материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өзүнчө бөлүмүнүн башчысына;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкармалыгындагы бөлүмдүн башчысына;
Кыргыз Республикасынын Баткен гарнизонунун Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин офицерине;
Кыргыз Республикасынын Ош гарнизонунун Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин офицерине;
Кыргыз Республикасынын Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин офицерине;
Кыргыз Республикасынын Балыкчы гарнизонунун Аскердик сотунун канцеляриясынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин офицерине;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун сот жыйынынын улук катчысы – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 7-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун финансы жана материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 8-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун улук айдоочусу – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 8-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын гарнизонунун Аскердик сотунун улук айдоочусу – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 4-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын гарнизонунун Аскердик сотунун айдоочусу – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 2-разряддагы тарифтик торчосуна;
Кыргыз Республикасынын гарнизонунун Аскердик сотунун сот жыйынынын улук катчысы – старшиналык, сержанттык жана катардагы курамдардын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын аскердик кызмат орду боюнча маянасынын 7-разряддагы тарифтик торчосуна.”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |