РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы (V!I чакырылышы)
2025-жылдын 17-ноябры № 3
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча.
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Тазалык” муниципалдык ишканасынын тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматы көңүлгө алынсын. (Маалымат тиркелет)
- Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аткарууга алуу жагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын
17-ноябрындагы №3 токтому менен жактырылган.
Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча “Лейлек -Тазалык” муниципалдык ишканасынын
МААЛЫМАТ
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 49 кызматкер бар анын ичинен 5 жооптуу кызматкер, 3 кассир-контролер, 6 айдоочу, 2 трактор айдоочусу, 11 жүктөөчү жумушчу, 2 багбан, 1 комендант, 14 дворник, 2 электрик, 2 күзөтчү , 1 техничка эмгектенет .
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы негизинен Раззаков шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү жагын, түнкү жарыктарды жана келишим түзгөн мекеме ишканаларды жеке кожолуктарды тейлеп тазалыкты камсыздайт. Бүгүнкү күндө 20 даана техникасы бар анын ичинен 10 жарактуу 7 оңдоого муктаж 3 жараксыз абалда, жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, шаардын көчөлөрүнө суу себүү жана гүлдөрдү арчаларды сугаруу, Раззаков шаар мэриясы тарабынан даярдап берген баннерлерди илүү, түнкү жарыктардын күйүүсүн камсыздоо жумуштарын аткарат. 2025-жылга абонент 13 070 (3267 жеке кожолук) менен келишим түзүлгөн мындан сырткары 29 мекеме уюмдар жана 186 коммерциялык түйүндөр менен келишим түзүп белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып күнүнө 4, 5 рейс кээ бир убакыта 6 рейс турмуш-тиричилик калдыктары алынууда . Ошондой эле 2025-жыл I-II-III-кварталга түшкөн кирешеси коммерциялык уюмдар 525 927 сом, мекеме ишканалардан 15 922 425 сом, кожолуктардан 1 986 452 сом түшкөн жалпысы болуп 18 434 804 сом атайын эсепке түшкөн акча каражаты, ал эми берилген эмгек маянасы 11 413 625 сом анын ичинен соц фонд 2 425 571 сом, киреше салыгы 717 631 сом, күйүчү майлоочу майларга 2 035930 сом “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы 10 ай ичинде 97 арыз кат катталган жана баарыга жооп берилген .
2025-жылдын I-II-III-квартал ичинде «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы төмөнкү жумуштарды аткарды :
Кыш мезгилинде Раззаков шаарынын ички жолдоруна кар көп жаап тайгак болгон убактарда жол коопсуздугун сактоо максатында өз убагында шлак жана туз материалдарын себип турулду. Январь, февраль айларында 19 тонна шлак , 2.090 тонна туз төмөнкү көчөлөргө себилди: Кошмуратова, Манас-Ата, И.Раззаков, Салам-Бава, Торокулбай Ата, А.Азизов, Равакана авто унаа жолуна, Курулуш, СССРдин 60 жылдык, Восточная, К.Кундузов, Тоголок-Молдо жана Э.Эгембердиев көчөлөрүнө себилип турду.“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан “Самат” эс алуучу багынан 31 рейс таштанды, Раззаков жазуудан бир жумада эки жолу таштанды алып чыгууда. Ал эми 10 ай ичинде чыгарылган каттуу таштандылар январь ичи 244 рейс, февраль 226рейс, март 257 рейс, апрель 282 рейс, май 276 рейс, июнь 272-рейс, июль 316 рейс, август 322 рейс, сентябрь 290 рейс октябрь 204 рейс жалпысы ТБО -2689 рейс (8067 тонна) таштанды чыгарылган. Ал эми суюук таштандылар январь 24 рейс, февраль 58 рейс, март 49 рейс, апрель 72 рейс, май 84 рейс , июнь 7 рейс, июль 21 рейс, август 26 рейс, сентябрь 29 рейс, октябрь 40 рейс жалпысы ЖБО-410 рейс ( 1 230 тонна). Ал эми МТЗ 82/1 экскаватор 1 435 саат , Газ-52 вышка 1 486 саат , Хова поливалка 856 рейс , FAW ассенизатор 88 рейс суу себүү, Булдозер (Shantui) 32 саат жумуш аткарган. Авто унааларга кеткен күйүүчү майлар Дт (салярка) 30 421 лт , Аи-92 (бензин) 6 222 лт күйүчү майлар сарпталган.
Раззаков шаарында ишемби күндөрү ишембилик өткөрүлүп 10 ай ичи шаар ичинен 218-рейс таштанды чыгарылган.
Ошондой эле март айында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Раззаков шаарынын кээ бир көчөлөрүндө сел жүрүп шагалга, кумга толуп калган арыктар, жолдор тазаланып 4 рейс шагал, кум чыгарылган.
Шаар ичиндеги түнкү жарыктарды жана жол белгилерди тосуп калган бак-дарактар буталып иретке келтирилди Ошондой эле Раззаков шаарынын көчөлөрүндөгү жана айылдардагы түнкү жарыктардын түндөсү күйүп туруусун жана күйбөй калган түнкү жарыктарды оң абалда туруусун камсыздап Баратов көчөсүнө Прожектор 50в 17даана, Прожектор 100в 14 даана, Кабель 1160 метр, Изолента 1 даана, Автомат 2 даана, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана .Чынар көчөсүнө Кабель 40 метр, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана. Өрүк-Зар көчөсүнө Прожектор 100в 11даана, Кабель 500метр. К.Бойбобо көчөсүнө Прожетор 100в 10 даана, Кабель 500 метр. МКР- 1ге Прожектор 50в 12 даана, Лампочка 12 даана, Изолента 1 даана, Автомат 2даана, Фотореле 1 даана, Шит 1 даана, Пускатель 1 даана. Колхозная көчөсүнө Прожектор 50в 4даана, Кошмуратов көчөсүнө Прожектор 100в 5даана, Лампочка 35в 2 даана, Изолента 1 даана, Автомат 63А 2 даана. И.Раззаков көчөсүнө Прожектор 100в 8 даана, Автомат 2 даана, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даан. Манас-Ата көчөсүнө Прожектор 100в 5 даана, Автомат 2 даана, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана. Д.Додосьян көчөсүнө Кабель 2х6 1320 метр, Фотореле 2 даана , Автомат 63А 6 даана, Фотореле 2 даана, Пускател 2даана, Изолента 2 даана, Прожектор 100в 6даана. Корук көчөсүнө Фотореле 3 даана, Пускател 3 даана. Жаңы-Конуш Кабель 300метр, Прожектор 100в 7 даана. Пионерская көчөсүнө Прожектор 100в 15 даана, Кабель 600 метр. С.Кундузов көчөсү Прожектор 100в 9даана, Кабель 320 метр, Труба 6 даана, Чынар көчөсүнө Прожектор 50в 11 даана, Провод 2х6 210 метр, Изолента 1 даана. Махалла көчөсүнө Фотореле 2 даана, Пускател 2 даана, Прожектор 50в 10 даана, Кабель 78 метр. Восточный көчөсүнө Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана, Автомат 1 даана. Золотой мост Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана , Автомат 1 даана. Туракулбай –Ата көчөсүнө Прожектор 50в 7 даана, Кабель 50 метр, Изолента 1 даана. Тайлан айылына Прожектор 50в 10 даана, Кабель 2х6 АВВГ 250 метр. Ак-Булак айылына Прожектор 50в 21 даана, Прожетор 100в 16даана, Кабель 800 метр, Автомат 2 даана, Фотореле 1 даана, Пускател 1 даана, Изолента 1 даана. Ак-Тилек учаскасына Прожектор 100в 10 даана, Кабель 500 метр. Ак-Босого айылына Прожектор 100в 27даана, Прожектор 50в 7даана, Кабель 820 метр, Изолента 1 даана, Столба 8даана . Самат айылына Прожектор 100в 6 даана, Прожектор 50в 9 даана Лампочка 2 даана, Изолента 1даана, Кабель 200 метр. Алтын-Бешик (Голбо) айылына Прожектор 50в 7даана, Прожектор 100в 18даана, Кабель 600метр , (Голбо жолдун бою) Прожектор 100в 30 даана, Кабель 120 метр. Беш-Бала айылына Труба 12 даана, Прожектор 100в 24даана, Кабель 800 метр, Кара-Таш айылына Прожектор 50в 10 даана, Кабель 1320 метр жана 20 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды, Калта-Кол айылына Кабель 120 метр, Прожектор 50в 3 даана , Прожектор 100в 14 даана, Трос 1000 метр.Чимген айылы Прожектор 50в 4 даана, Прожектор 100в 16 даана, 14 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды, Кабель 1000 метр алмаштырып жаңы коюлду. Бозогул учаскасына прожектор 100в 17даана, Кабель 1000 метр Ошондой эле борбордук көчөлөрү жана Раззаков Баткен автоунаа жолунун боюндагы электр чубалгылары тартылган 168 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды, Пост ГАЙ 6 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды, жалпысы болуп Прожектор 50в 135 даана, Прожектор 100в 248 даана, Кабель 2х6 12 608 метр, Кабел 2х4 400 метр , Автомат 20 даана, Изолента 8 даана, Фотореле 15 даана, Пускатель 13 даана, Труба 18 даана, Столба 8 даана, Трос 1000 метр, Лампочка 16 даана, Шит 10 даана, 208 даана мамылардын асты ак боёк менен сырдалды .
2025-жылдын 20-март Нооруз майрамына карата борбордук аянта эстеликтерди жууп тазалоо, шыпыруу, таштандыларды терүү жана иреттөө жумуштары аткарылып таштанды чыгарылган. Ал эми 21 -март Нооруз майрамы өткөрүлүп, майрамдан кийин Самат Садыков багындагы борбордук стадиондон жана балдар ойноочу аянтчасынан таштанды тазаланып чыгарылган.
2025-жылдын 01, 05, 09-май майрам күндөрүнө карата борбордук аянтагы эстеликтерди жууп тазалоо, шыпыруу, таштандыларды терүү жана иреттөө жумуштары аткарылып 2-рейс таштанды чыгарылган. Ал эми 09-май Улуу Ата Мекендин 80-жылдык майрамы өткөрүлүп, майрамдан кийин Самат Садыков багындагы борбордук стадиондон жана балдар ойноочу аянтчасынан 4 рейс таштанды тазаланып чыгарылган.
Кашка учаскасында жайгашкан полигондун айланасына башаламан ташталган таштандыларга ишембилик өткөрүлүп 14 рейс таштанды полигонго киргизилип МТЗ-82/1 экскаватор кызматтык уунасы менен сүрүлдү.
2025-жылдын 30-август күнү Эгемендүүлүк майрамына карата борбордук аянта эстеликтерди жууп тазалоо, шыпыруу, таштандыларды терүү жана иреттөө жумуштары аткарылып 14 рейс суу себилип 2 рейс таштанды чыгарылган. Ал эми 31-август Эгемендүүлүктүн 34-жылдык майрамы өткөрүлүп, майрамдан кийин Самат Садыков багындагы борбордук стадиондон жана балдар ойноочу аянтчасынан 4 рейс таштанды тазаланып чыгарылган.
2025-жылдын 28-октябрь Исхак Раззаковдун 115 жылдык мааракесине карата борбордук аянта эстеликтерди жууп тазалоо, шыпыруу, таштандыларды терүү жана иреттөө жумуштары аткарылып 4 рейс суу себилип 10 рейс таштанды чыгарылган.
Жетекчи: Э.Кулалиев