Редакцияот 25.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2025-жылы 25-ноябры № 65

     Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджеттине өзгөртүү толуктоолорду киргизүү тууралуу.

 Кыргыз Республикасынын бюджеттик  кодексинин  “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндөгү”  мыйзамына  жана Алтын-Бешик  айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана   финансы маселелери боюнча бюджеттик комиссиянын  кортундусуна  ылайык  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы токтом кылат:                                 

1      Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген  жергиликтүү  бюджетинен Лизинг жолу менен алынган атайын техниканын (экскаватордун) төлөмүн төлөө үчүн   «3111-имараттар жана курулуштар» беренесинин эсебинен 4000,0 миң сом акча каражаты  «3314-ички насыялар» беренесине жылдырылып толукталсын.

2     Айылдардагы жарыктандыруулардын иштешин камсыз кылуу максатында материалдарды сатып алуу үчүн «2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» беренесинен 100,0 миң сом акча каражаты «2222-учурдагы чарбалык максаттар буюмдарды жана материалдарды алуу» беренесине  жылдырылып толукталсын.

3     Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милдетендирилсин.

 

4       Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана   финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

 

 

Төрайым:

 А. Матраимова