Редакцияот 25.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2025-жылы 25-ноябры № 66

  

Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн түрткү  берүүчү грантка сунушталган  долбоорун колдоо  жөнүндө.

  Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнө караштуу Газ, Согмент айылдарына түрткү  берүүчү гранттын эсебинен курулуучу скважиналар  (тик кудук)  үчүн айыл өкмөтүнөн өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө   Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовдун билдирүүсүн угуп  жана Жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы токтом кылат:                            

1     Алтын-Бешик айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Газ, Согмент айылдарына скважина куруу долбоору 2026-жылдын түрткү берүүчү грантына сунушталсын.

 

2     Долбоорду  ишке ашыруу үчүн  Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын  жергиликтүү бюджетинен Газ айылына курулуучу скважинага 4000,0 миң сом, Согмент айылына курулуучу скважинага 4000,0 миң сом акча каражаты өздүк  салым катары бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.

 

3     Долбоорлордун тиешелүү иш кагаздарын даярдап ишке ашыруу жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.

 

4       Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана  финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн. 

 

 

Төрайым:

 А. Матраимова