КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 20-ноябры ПЖ № 324
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган маалыматтар банкын түзүүнү жана иштөөсүн укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актылары;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |