Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-декабры № 815
2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:
– экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Запас нормалары күнүнө төмөндөгү товардык-материалдык баалуулуктар топтору: тамак-аш азыктары, медикаменттер жана таңуучу материалдар, отун, запастык бөлүктөр, чарбалык материалдар жана кеңсе буюмдары, таралар, курулуш материалдары, башка чийки заттар жана материалдар, ветеринардык препараттар, вакциналар, профилактикалык диагностикалык жана жоюу ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө колдонулуучу диагностикалык жана дезинфекциялоочу каражаттар, асыл тукум (генетикалык) материалдар, анын ичинде үрөн материалдары, асыл тукум малдын эмбриондору, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын көбөйтүү, асыл тукумдук сапатын жакшыртуу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон башка биологиялык ресурстар боюнча белгиленет.”;
– жогоруда аталган Нускаманын тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
“
| Ветеринардык препараттар, вакциналар, профилактикалык диагностикалык жана жоюу ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө колдонулуучу диагностикалык каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар (22171 500) | 180 |
| Асыл тукум (генетикалык) материалдар, анын ичинде үрөн материалдары, асыл тукум малдын эмбриондору, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын көбөйтүү, асыл тукумдук сапатын жакшыртуу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон башка биологиялык ресурстар (22171 600) | 180 |
”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |