Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 106-чуа буйругуна) |
Сызыктуу объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жөнүндө Жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Сызыктуу объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө, иштердин ырааттуулугун камсыздоого жана долбоордук жана курулуш чечимдеринин сапатын контролдоого багытталган көрсөтүлгөн процесстерди айкалыштырууга макулдук берүүнүн бирдиктүү тартибин жана жол-жоболорун белгилейт.
2. Жобо шаар куруу жана архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгүнүн бардык субъекттери, анын ичинде заказчылар, подрядчылар, долбоорлоо уюмдары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Ушул Жободо шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат.
2-глава. Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга макулдук берүүнүн тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн макулдукту ишке ашыруу тартиби
4. Сызыктуу объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча борбордук мамлекеттик орган тарабынан заказчынын арызы боюнча, ушул Жободо белгиленген бардык талаптар аткарылган шартта берилет.
5. Сызыктуу объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат алуу үчүн заказчы долбоорлоо уюму менен макулдашуу боюнча эскиздик планды иштеп чыгат. Көрсөтүлгөн эскиздик план архитектуралык-шаар куруу кеңешинде жана шаар куруу жана архитектура мамлекеттик органынын архитектуралык-техникалык кеңешинде, көрсөтүлгөн кеңештердин иштөө тартибинде аныкталган тартипте милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
6. Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат алуу үчүн заказчы шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу борбордук мамлекеттик органга эркин формадагы арызды төмөнкү документтерди тиркөө менен берет:
1) заказчынын инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү – эгерде заказчы жеке жак болсо;
2) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин (уставдын (жобонун), уюштуруу келишиминин же уюштуруучунун чечиминин) көчүрмөлөрү, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк, жетекчинин инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү, ошондой эле ишеним каттын жана өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү – эгерде юридикалык жактын атынан ишеним кат боюнча өкүл аракеттенсе;
3) курулуш объектисинин эскиздик планы;
4) архитектуралык-шаар куруу кеңешинин жана архитектуралык-техникалык кеңештин отурумунун протоколу.
7. Заказчы шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу борбордук мамлекеттик органга берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
8. Шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу борбордук мамлекеттик орган заказчынын арызын ал келип түшкөн күндөн тартып 14 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө карайт.
Кароонун натыйжалары боюнча оң чечим кабыл алынган учурда, объектти долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берүү жөнүндө буйрук чыгарылат.
Эгерде заказчы ушул Жобонун 6-пунктунда каралган толук эмес документтерди берсе, же эскиздик планды кароонун натыйжалары боюнча архитектуралык-шаар куруу кеңешинин жана архитектуралык-техникалык кеңештин терс чечимдери болсо, заказчыга долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берүү мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлүү билдирүү жөнөтүлөт.
9. Заказчы сызыктуу объектти долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга берилген уруксаттын негизинде төмөнкү иштердин түрлөрүн жүзөгө ашырууга укуктуу:
1) шаар куруу корутундусун жана, зарыл болгон учурда, инженердик-техникалык шарттарды алуу;
2) долбоордук документацияны жана курулуштун башкы планын иштеп чыгуу;
3) инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
4) курулуш аймагынын чегине кирген курулуштарды бузуу жана инженердик тармактарды чыгаруу;
5) жашыл бак-дарактарды бузуу жана которуу;
6) курулуш аянтын тосуу;
7) убактылуу жана туруктуу өтмөктөрдү уюштуруу;
8) убактылуу имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу, курулушту инженердик камсыздоонун убактылуу тармактарын орнотуу;
9) курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү.
10. Курулуш-монтаждоо иштери башталган учурда заказчы, башкы подрядчы, субподряддык уюмдар (эгерде алар болсо), долбоордун башкы архитектору жана (же) долбоордун башкы инженери, техникалык көзөмөл, ошондой эле иш өндүрүүчү курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, техникалык регламенттердин, ченемдик-техникалык документтердин жана талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
11. Заказчы 90 календардык күндүн ичинде милдеттүү:
1) шаар куруу корутундусун алууга;
2) инженердик-техникалык шарттарды алууга – аларды иштеп чыгуу зарылчылыгы болгон учурда;
3) долбоордук документацияны иштеп чыгууну камсыздоого;
4) долбоордук документацияны шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик органда макулдашууну жүргүзүүгө;
5) долбоордук документациянын мамлекеттик экспертизадан белгиленген тартипте өтүшүн камсыздоого.
Ушул пункттун 1-5-пунктчаларында каралган бардык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругу менен бекитилген Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого жана Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына техникалык шарттарды берүү жана кошуу тартибинин эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
12. Заказчынын жүйөлүү арызы боюнча шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу борбордук мамлекеттик орган ушул Жобонун 11-пунктунда белгиленген уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтүн бир жолу ушундай эле мезгилге узартууга укуктуу.
13. Эгерде заказчы белгиленген мөөнөттө ушул Жобонун 11-пунктунда каралган уруксат берүүчү документтерди албаса, шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу борбордук мамлекеттик орган долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксатты ушул Жободо белгиленген тартипте токтото турууга укуктуу.
14. Курулуш-монтаждоо иштери аяктагандан кийин объект Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругу менен бекитилген Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү, ошондой эле курулушу аяктаган объекттерди пайдаланууга берүүнүн шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоого тийиш.
3-глава. Жоопкерчилик
15. Заказчы жана долбоорлоо уюму ушул Жобонун талаптарын сактоо, ошондой эле долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууну ишке ашырууда аларга жүктөлгөн функцияларды аткаруунун сапаты жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.
16. Ушул Жобонун, ошондой эле шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, ченемдик-техникалык документтердин жана техникалык регламенттердин талаптарын бузгандыгы үчүн заказчы, долбоорлоо жана курулуш уюмдары, ошондой эле шаар куруу ишмердүүлүгүнүн башка катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
17. Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу тартибин сактабоого алып келген бузуулар аныкталган учурда, шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) бузуулар четтетилгенге чейин долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксаттын аракетин токтото турууга;
2) белгиленген мөөнөттө бузуулар четтетилбеген учурда долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берүү жөнүндө чечимди жокко чыгарууга.
18. Шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик орган заказчы тарабынан долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу тартибинин, ошондой эле ченемдик-техникалык документациянын, техникалык регламенттердин, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарынын бузулгандыгы же долбоордук документациядан четтөөлөр жөнүндө маалыматтарды алган учурда, аныкталган бузуулар четтетилгенге чейин долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксаттын аракетин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн уруксаттын аракетин токтото туруу жөнүндө заказчыга жазуу жүзүндө билдирет.
19. Шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик орган заказчыга аныкталган бузууларды четтетүү үчүн бир календардык айга чейинки мөөнөт берет.
20. Эгерде заказчы белгиленген мөөнөттө аныкталган бузууларды четтетсе жана бул тууралуу шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик органга билдирсе, көрсөтүлгөн орган долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксаттын аракетин кайра баштайт.
21. Эгерде заказчы белгиленген мөөнөттө аныкталган бузууларды четтетпесе же жол берилген аракеттер жаңы бузууларга алып келсе, шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик орган долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана кабыл алынган чечим жөнүндө заказчыга ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.
22. Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берүү жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда, заказчы аныкталган бузуулар четтетилгенге чейин курулуш-монтаждоо иштерин токтото турууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругу менен бекитилген «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү, ошондой эле курулушу аяктаган объекттерди пайдаланууга берүүнүн шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө» жободо белгиленген тартипте курулуш объектисине толук көлөмдө уруксат берүүчү документтерди алууга милдеттүү.
23. Заказчы шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик органдын долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксаттын аракетин токтото туруу жөнүндө чечимин, ошондой эле долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын «Административдик ишмердүүлүктүн жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте, көрсөтүлгөн чечимдердин аракетин токтото турбастан даттанууга укуктуу.