Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-июнундагы № 33
Кошумча план алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын II-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын II-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн киреше салыгынан 716,0 миң сом, Бирдиктүү салык 60,0 миң сом, Кыймылсыз мүлк салыгына 50,0 миң сом, ФПС жыйымдарына 57,1 миң сом, Муниципалдык менчиктеги мекеменин ижара акысы 18,0 миң сом жана Атайын каражаттар эсебине 375,2 миң сом жалпысы 1276,3 миң сом кошумча план жеткирилсин. Кошумча жеткирилген акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн Айылчарба бөлүмүнө 22,0 миң сом, ЖКХ бөлүмүнө 779,1 миң сом, Билим берүү бөлүмүнө 100,0 миң сом жана Бала бакча бөлүмүнүн атайын каражаттар эсеп бөлүмүнөн 375,2 миң сом акча каражаты кириштелсин.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А Сагынбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |