Редакцияот 03.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2025-жылдын 3-декабры № 92

Кулан массивинде өрт кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысынын билдирүүсун угуп талкуулап чыгып,  Самаркандек айылдык кеңеши 

                                            Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. 2025-жылдын 25-ноябрь куну өрт кырсыгнан Кулан массивиндеги үйү өрттөлүп кеткен Пулодов Малик Бабоевичтин үй-бүлөсүнө жергиликтүү бюджеттин 2215- ”Түрдүү чыгымдар” беренесинен 200,0 (эки жүз)  миң сом суммасындагы  материалдык жардам көрсөтүүгө макулдук берилсин.  
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнун финансы-экономикалык бөлүмүнун башчысы К.Масалиевага тапшырылсын.
  4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  5.  Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg  сайтында жарыялансын.

 

 

 

Тѳрага:

 

Ш.Гапаров