Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 8-декабры № 352
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 “Жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайынын ролун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 328 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |