Редакцияот 03.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2025-жылдын 3-декабры № 93

                                              Макулдук берүү жөнундө

 

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман у. Т. билдирүүсун угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши 

                                            Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан долбоорлорду даярдоо үчүн 3,1 млн сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 3111-”Имараттар жана курулмалар” беренесинен бөлүнүүсүнө макулдук берилсин, анын ичинен:

-        1,6 млн сом  Самаркандек, Жаңы-Бак жана Паскы-Арык айылдарында 11 ички жолдорго асфальт төшөө, тротуарларды куруу, жарыктандыруу, декоративдүү дарактарды отургузуу курулуштары долбоорлорун даярдоо үчүн;

-        1,0 млн сом муниципалдык базардын ичинде соода маркетин куруу долбоорун даярдоо үчүн;

-        0,5 млн сом Кулан турак-жай массивинде калкка суу жеткирүү максатында суу кампасын куруу долбоорун даярдоо үчүн каралсын.

  1. Мал жана үй канаттууларына  санак өткөрүү үчүн 100,0 (жүз) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2215 “Түрдүү чыгымдар” беренесинен бөлүнүүсүнө макулдук берилсин.
  2. Майыптар күнүнө карата 30,0 (отуз) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2215- “Түрдүү чыгымдар” беренесинен бөлүнүүсүнө макулдук берилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнун финансы-экономикалык бөлүмүнун башчысы К.Масалиевага тапшырылсын.
  5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6.  Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg  сайтында жарыялансын.

 

 

Тѳрага:

 

Ш.Гапаров