САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 3-декабры № 96
Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2025-жылдын 27-августундагы кезектеги VIII сессиясынын №67 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20-беренесинин 11-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” №150 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 7-беренесинин 22-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №665 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу” №665 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” №597 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин, “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 6-июнундагы №01-13/1767 сандуу маалыматынын Самаркандек айыл өкмөтүнун жерге жайгаштыруу бөлүмунүн адиси Карабаев Ж. берген маалыматынын негизинде Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Кулан массивинен Жаңы-Бак айылынын тургуну Өскөнбай уулу Акрамдин арызы боюнча №1817 контурунда жайгашкан 2,0 га жер тилкеси “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” таштуу жайыт жерлер түрүнөн мал сойуучу цех жана мал сарайлар куруу үчүн “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2025-жылдын 27-августундагы кезектеги VIII сессиясынын №67 токтому жокко чыгарылсын.
- Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси Ж. Карабаевге тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: |
Ш.Гапаров |