Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 08- сентябрындагы №34
Кошумча план алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн киреше салыгынан 1700,0 миң сом кошумча план жеткирилсин. Кошумча жеткирилген акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн
ЖКХ бөлүмүнө статья-2221 400,0 миң сом,
статья-2215 200,0 миң сом,
Билим берүү бөлүмүнө статья-2221 150,0 миң сом
статья-2215 300,0 миң сом
статья-2224 200,0 миң сом
Бала бакча бөлүмүнө статья-2224 200,0 миң сом
статья-2221-250,0 миң сом
акча каражаты кириштелсин.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Д.Курманбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |