Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 19- сентябрындагы № 35
Дөң-Булак айылдык аймагынан жергиликтүү курултайын уюштуруу жөнүндө
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз XII отуруму Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгына жана Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2 чечимине ылайык Дөң-Булак айылдык аймагынан жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графигин жана жумушчу топтун курамында каралып, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айылдык аймагынан жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамына төмөндөгүлөр бекитилсин.
- Жусупов Өмүрбек Ильясович - Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы
- Кайназарова Инаватхан - Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
- Инашова Асел - Дөң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы
- Ибрагимова Курманжан - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы
- Эрмекбаев Режеп - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы
- Полотбеков Эсенбек - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн юристи
- Көкөнов Эрнистбек - Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы
- Жороева Айгүл - Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы
- Боронов Абдивали - Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
- Мамедиев Шаршенаалы - Бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
- Абдусалам уулу Мырза - Укуктук уюштуруу маселелери, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
2. Дөң-Булак айылдык аймагынан жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткаруу жагы Элдик курултайды уюштуруу боюнча жумушчу топко милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ө. Жусупов |