Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-сентябрындагы № 38
Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетинин 11.03.2022-жылдагы №137 токтомун ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82- беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнөн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, токтом кыламын:
1. Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетинин 11.03.2022-жылдагы №137 токтомуна ылайык дыйкан фермерлер айыл –чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынан бошотулгандыгына байланыштуу;
- Юридикалык жер салыгынан 623,2 миң сом акча каражаты;
- Милдеттүү патент 55,1 миң сом акча каражаты;
- Жалпы 678,3 миң сом акча каражаты 2022-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүмүнөн пландан кыскартылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Эргеш уулу Тилекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |