Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 813
Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө
Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-декабрындагы № 591 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 “Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 411 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 643 “Атмосфералык абаны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктардын Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы № 38 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарба жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 289 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү маселелери боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 580 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 669 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 683 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтомго тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомду ишке ашыруу ушул токтомго тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте жана жергиликтү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-декабрындагы № 101 (3758) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |