Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 39
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин аукцион аркылуу бериле турган жер аянттарына комиссиянын курамын жана лотторду бекитүү, жалпы республика боюнча инфляцияны эске алуу менен ижара акысын бекитүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин аукцион аркылуу бериле турган жер аянттарына комиссиянын курамын түзүү лотторду бекитүү, жалпы республика боюнча инфляцияны эске алуу менен ижара акын бекитүү максатында токтом кылабыз:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин аукцион аркылуу бериле турган жер аянттарына лоттор жана ижара акысы бекитилсин жана аукцион аркылуу берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 17-ноябрь 2022-жылдагы №229 тескемесине ылайык комиссиянын курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жер аянттарын контурлар боюнча тактап чыгып, айыл өкмөтүнүн аймагында жерге болгон муктаждыктарды эске алуу менен Чымбай, Бахмал, Жаңы-Абад айылдык комитеттериндеги жер аянттарынын ар бир лоту 0,50 га дан, Өзгөрүш, Дөң-Булак айылдык комитеттериндеги жер аянттарынын ар бир лоту 0,25 га дан бекитилсин.
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү жана инфилацияны эске алуу менен (КБФ) жерлерин ижара акысы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |