Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 39/1
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында ыңгайсыз жерлердин ижара акысын чегерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин С.Жапаровдун айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча койгон талаптарына ылайык, “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ыңгайсыз жерлердин 1,0 га жерге төлөм акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Шалы - 12,0 миң сом;
- Тал-теректерди өстүрүү - 10,0 миң сом;
- Мөмөлүү дарактарды өстүрүү - 6,0 миң сом;
- Чөп ормо багытында пайдалануу - 4,0 миң сом;
- Башка ар түрдүү багытындагы - 3,0 миң сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн киреше салыктар боюнча башкы адиси А.Кудайбердиевке тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |