Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-декабры № 797
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 41, 44-статьяларына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 432 – 437-пункттар менен толукталсын:
“432. Текшерүүнүн жүрүшүндө адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына сөзсүз болуучу жана олуттуу коркунуч жаратуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун талаптарын бузуулар аныкталганда ыйгарым укуктуу орган ишти токтото туруу жөнүндө жазма буйрук чыгарат.
433.Ишти токтото туруу текшерилүүчү субъекттин аныкталган бузуулар менен түздөн-түз байланышкан объекттерин (имараттарды, курулмаларды, жайларды, жабдууларды жана түзүлүштөрдү) мөөр басуу же пломбалоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
434. Ишти токтото туруу жөнүндө жазма буйрук ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча эки нускада түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кол коюлат.
435. Ишти токтото туруу жөнүндө жазма буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) каттоо номери жана датасы;
2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) жазма буйрук чыгарган кызмат адамы;
4) текшерилүүчү субъекттин аталышы (аты-жөнү) жана дареги;
5) жазма буйрук жазылган текшерүү актысынын датасы жана номери;
6) мыйзамдардын конкреттүү ченемин көрсөтүү менен бузуулардын сыпаттамасы;
7) иши токтотулуп жаткан текшерилүүчү субъекттин объекти;
8) мыйзам бузууларды четтетүү үчүн милдеттүү чаралардын тизмеги.
436. Өз алдынча пломбаны бузган же мөөрдү алган учурда текшерилүүчү субъект Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
437. Текшерилүүчү субъект төмөнкүлөргө укуктуу:
1) бузуулар четтетилгенден жана ырастоочу документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу органга ишти калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылууга. Арызды кароо тартиби Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат;
2) ыйгарым укуктуу органдын ишти токтото туруу жөнүндө чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |