Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 40
Кошумча план алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын он бир айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын он бир айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн киреше салыгынан 79,1 миң сом кошумча план жеткирилсин. Кошумча жеткирилген акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн
ЖКХ бөлүмүнө статья-2214 19,1 миң сом,
Жайыт комитетине статья-2215 60,0 миң сом
акча каражаты кириштелсин.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Эргеш уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |