Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 41
Өзгөн шаарынын сыркынды сууларын тазалоочу курулмасын куруу үчүн Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 346 контурундагы 0,12 га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 346 контурунда жайгашкан 0,12 га жер тилкесинин багытын ошол контурдан үлүш алган жарандардын макулдугунун негизинде жана Өзгөн шаарынын инфраструктурасын социалдык-эканомикалык абалын жакшыртуу максатында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосунда Өзгөн шаарынын сыркынды сууларын тазалоочу курулманын курулушун эске алып, талкуулап токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 346 контурунда жайгашкан 0,12 га айыл чарба багытындагы жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо, жерге комиссия түзүү, мыйзамдулугун сактоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнөмилдеттендирилсин.
3. Жер аянтын тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |