Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 41/1
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал участкасындагы 0,45 га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал участкасында жайгашкан 0,45 га жер тилкесинин айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын социалдык-эканомикалык абалын жакшыртуу максатында, Мамасадыков Рустам Алайбековичдин жазган арызын талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал участкасында жайгашкан 0,45 га айыл чарба багытындагы жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын тактап, керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо, жерге комиссия түзүү, мыйзамдулугун сактоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Жер аянтын тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |