Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-декабрындагы № 42/1
Кошумча план алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 4-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 4-кварталынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнөн 152,6 сом кыскартылгандыгына байланыштуу ЖКХ тармагынын чыгаша бөлүгүнүн 2221 беренесинен 152,6 (бир жүз элүү эки миң алты жүз) сом кыскартылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Эргеш уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |