БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бурана айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын отуруму
2024-жылдын 9-февралындагы № 1
Дөӊ-Арык айылына ФАП курууга өздүк салымдан акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык,2024-жылга жергиликтүү бюджетте калган 7743523 миӊ сом калдыктын эсебинен Тиричилик чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине Дөӊ-Арык айылына ФАП курууга 2200,0 (эки миллион эки жүз миӊ) сом акча каражатын бекитүү боюнча Бурана айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Тиричилик чарба бөлүмү:
Башка курулуштарды куруу 3111 2200,0 м.сом
2. Бул токтомдун аткарылышын ФЭО башчысынын милдетин у.а. Г.Иманакуновага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Б.Исагалиев |