ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХV-сессиясы
2023-жылдын 13-январындагы № 44
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 29.11.2022-жыл №07-3/11273. 02.12.2022-жыл №07-3/11317 көрсөтмөсүн кароо жөнүндө
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин (VII – чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү ХV сессиясынын отуруму күн тартибинде киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде, токтом кылат:
1. Дөң-Булак айыл аймагынын экономикалык-пландоо аймактык коэффициенти “К” 1,4кө барабар деп кабыл алынсын.
2. Айыл чарба багытында эмес жер салыгын эсептөөдө жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3-топтогу объектилерине салык чегерүү 2024-жылдын 08-январынан күчүнө кирсин.
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк салыктары жергиликтүү бюджеттин эсебинде калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” меселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Жусупов |