БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бурана айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын отуруму
2024-жылдын 9-февралындагы № 4
Бурана айыл өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн иш пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна ылайык,Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн иш пландары боюнча өзгөртүү киргизип, талкуулап Бурана айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү иш планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Н.Келгенбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Б.Исагалиев |