Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бурана айылдык кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын кезектеги сессиясынын  отуруму

 

2024-жылдын 9-февралындагы № 6

Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлеринин тооруктун  биринчи баштапкы баасы жана кадамдык көтөрүм бааларын кабыл алуу тартиби жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтому менен “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” бекилген Типтүү Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бурана айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1.Бурана айыл аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин торук аркылуу берүү үчүн:

-Баштапкы баасы (стартовый стоимость 20% от налога)20%  1 га 8300 сом деп бекитилсин.

-Арымы шаг 10% 1 га 830 сом болсун.

-Кирүү акысы(первоначальный взнос)-8300:30%= 1 га 2490 сом болсун.

-Ижара мөөнөтү 5(беш) жыл болсун.

2. Бул токтомдун аткарылышы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин у.а. Н.Келгенбаевага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Б.Исагалиев