Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-декабры № 834
“Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы”
мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн
айрым маселелери жөнүндө
“Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 “Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан берилген заказчы-куруучуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш”, “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканаларына карата колдонулат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 141-пунктча менен толукталсын:
“141) белгиленген тартипте өз милдеттенмелеринин бир бөлүгүн аткарууга башка жактарды (субподрядчыларды) тартууга;”;
– 20-пункттун 2-пунктчасында “мамлекеттик заказды” деген сөздөр “мамлекеттик жана муниципалдык заказдарды” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |