Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-январындагы № 48
Дөң-Булак айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Дөң-Булак айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо максатында, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо иштери көзөмөлгө алынсын.
2. Дөң-Булак айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 200,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |