Редакцияот 10.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 10-ноябры № 46/XII-30

"Кең-Булуң айылынын аймактык ыктыярдуу элдик дружинасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамына ылайык, айыл аймактын аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана ички иштер органдарына көмөк көрсөтүү максатында, Кең-Булуң айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Булуң айыл аймагынын ыктыярдуу элдик дружинасы жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кең-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы менен жобо макулдашылсын.

3. Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана укук тартиби, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.С. Мурсалиев