Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2024 жылдын 26-июлундагы № 31 /VII
Тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитүү жөнүндө
“Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т.Орозалиевтин тиричилик калдыктарын ташып чыгаруунун тарифин бекитип берүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 беренесинин 11-пунктуна, 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, айыл аймактын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу, «Жашыл Мурас» муниципалдык ишканасынын зыянсыз жана кирешелүү, ишенимдүү ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагынын 323-контурунда ар бир короодон айына 300 сомдон тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу тарифи бекитилсин (180 кг салмактагы тиричилик калдыктары боюнча (5 кап), эгерде көлөмү ашып кетсе, анда турак үйдүн ээси жана “Жашыл Мурас”муниципалдык ишканасынын өз ара макулдашуусу менен кошумча төлөм алынат.
2.”Жашыл Мурас”муниципалдык ишканасына:
-таштанды чыгаруу бекитилген график боюнча чыгарылсын
3.Кварталдык комитеттерге “Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын иш алпаруусуна колдоо көрсөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Б. Сманова |