КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-декабры № 831
Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу
чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Мамлекеттик ишканалардын материалдык-техникалык базасын жаңылоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230-статьясынын 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 52-пункттун биринчи абзацында ““Ак-Талаа көмүр”” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” деген сөздөр менен толукталсын;
2) 54-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“54. Бардык мамлекеттик ишканалар 2022-жылдан тартып 2030-жылды кошо алган мезгил үчүн иштин жыйынтыгы боюнча таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.”;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
– 26-пункттун 7-пунктчасы “ишкананын жетекчи” деген сөздөрдөн кийин “жана анын орун басары (орун басарлары)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 52-пункттун биринчи абзацында “экинчи айдын 25инен кечиктирбей,” деген сөздөр “айдын 30уна чейин” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Мамлекеттик ишканаларга 2026-жылдан тартып 2030-жылды кошо алган мезгил үчүн ишканынын бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын 50 пайызын өндүрүштүк жана материалдык-техникалык базаны жаңылоого, модернизациялоого жана кеңейтүүгө багыттоого уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомдун кабыл алынышына байланыштуу мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын бөлүгүн чегерүү планына өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Бардык мамлекеттик ишканалар бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын пайдаланылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик башкаруу органына квартал сайын берип турсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |