Редакцияот 15.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 15-декабры № 363

 

 

Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

 

1.  Каир шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.

2.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1)  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санынын чегин 5 бирдикке көбөйтсүн;

2)  Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

3)  өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3.  Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

4.  Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти           

 

 

С.Н. Жапаров