Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 747 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобону жөнгө салуу предмети болуп Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасын (мындан ары - Бирдиктүү реестр) жүргүзүү саналат.
3. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында (мындан ары - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) катталган жана сакталган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жайылтылат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасын жүргүзүүнүн тартиби
4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин эсепке алууну жана каттоону уюштуруу боюнча иштерди аткаруунун алкагында тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин тексттерин андан ары тиешелүү маалыматтар базасына топтоо үчүн электрондук маалыматтар базасын пайдаланат.
Бул ишти аткаруунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- тиешелүү коштоочу документтери менен бирге Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жана Бирдиктүү реестрде камтылган коштоочу документтердин түп нускаларын (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) эл аралык келишимдердин жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документтеринин архивинде (мындан ары - эл аралык келишимдердин жана документтердин архиви) кагаз жүзүндө сактоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитетине, административдик ведомстволоруна, сот бийлигинин органдарына, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жана башка мамлекеттик органдарына, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга Бирдиктүү реестрден тиешелүү маалыматтарды берүү.
5. Көрсөтүлгөн максаттарга ылайык тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй иштерди жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине инвентаризация жүргүзөт жана зарылдыгына жараша Бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтарды актуалдаштырат;
2) келип түшкөн суроо-талап боюнча жана өз демилгеси боюнча Бирдиктүү реестрде болгон тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарына, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга берет;
3) Бирдиктүү реестрге киргизилүүгө тийиш болгон кошумча маалыматтардын тизмегин аныктайт;
4) Бирдиктүү реестрдин иштешине туруктуу түрдө көз салып турат жана аны өркүндөтүүнү камсыз кылат.
6. Бирдиктүү реестрди түзүү жана жүргүзүүнүн негизги критерийлери болуп Бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтардын толуктугу, расмийлиги жана тууралыгы саналат.
3-глава. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана Бирдиктүү реестрге киргизилүүгө тийиш болгон башка документтер
7. Чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен төмөнкүлөрдүн атынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Бирдиктүү реестрге эсепке алынууга жана киргизилүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын (мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер);
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламенттер аралык эл аралык келишимдер);
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер);
4) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан сот бийлигинин органдарынын, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын (ведомстволор аралык эл аралык келишимдер).
8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюлган (ведомстволор аралык көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийинен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү алынган) же кат алмашуу жолу менен түзүлгөн күндөн тартып эки жуманын ичинде алардын көчүрмөлөрүн күбөлөндүрөт жана Бирдиктүү реестрде эсепке алуу жана каттоо, ошондой эле эл аралык келишимдерди жана документтерди архивде сактоо үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жүзүндө жана бир эле учурда электрондук (сканерленген) түрдө жиберет.
9. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган демилгелеген жана "жашыруун" деген грифи бар ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин түп нускалары ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде же тиешелүү маалыматтар базасында белгиленген тартипте сакталат, ал эми алардын көчүрмөлөрү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүлүп берилбейт.
10. Бирдиктүү реестрди жүргүзүү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин электрондук версиялары Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун, сот бийлигинин органдарынын, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын системасында түзүлгөн тиешелүү маалыматтар базасында сакталат.
Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдеринин электрондук версияларынын маалыматтар базасын жүргүзүү тартиби жана талаптары Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору, сот бийлигинин органдары, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдары тарабынан аныкталат.
12. Кыргыз Республикасынын парламенттер аралык эл аралык келишимдеринин электрондук версиялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү маалыматтар базасында сакталат.