Редакцияот 12.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫНЫН

 

  

 ТОКТОМУ

 

 

2025-жылдын 12-декабры №13/6

Шаардагы 41,25 м2 жер аянты жөнүндө

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрь №9 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 9-декабрь №01-12/5589 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1.Кара-Суу шаарынын Навои жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 41,25 м2 муниципалдык жер аянтын райондук почта бөлүмүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.

3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

      Ж.Полотов